Акыркы суткада 68 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 44, Ошто - 4, Чүйдө — 2, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 1, Нарында - 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 327 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 672 адамды түздү.