SerepTV Logo

Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 19, Чүйдө - 30, Таласта — 1, Ошто - 4, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 351 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 746 адамды түздү.