SerepTV Logo

Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 41, Ошто — 2, Чүйдө — 3, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 1, Таласта — 1, Нарында — 1, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 180 миң 629 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 655 адамды түздү.