Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 39, Чүйдө — 12, Ысык-Көлдө — 8, Жалал-Абадда — 1, Баткенде — 1, Таласта - 3, Ош облусунда - 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 179 миң 186 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 618 адамды түздү.