Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 41, Ошто - 2, Чүй — 16, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө - 5, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 810 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 764 адамды түздү.