SerepTV Logo

Акыркы суткада 658 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 658 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 658 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  345, Ошто — 9, Чүйдө — 80, Ош облусунда — 18, Таласта — 10, Нарында — 14, Ысык-Көлдө — 59, Жалал-Абадда — 74, Баткенде — 49 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 167 миң 734 адамга жетти. Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө үч, Нарында бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 380 адамды түздү.