SerepTV Logo

Акыркы суткада 653 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 653 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 653 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  269, Ошто — 73, Чүйдө — 116, Ош облусунда — 74, Таласта —5, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 69, Баткенде — 32 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 113 миң 430 адамга жетти. Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ошто катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 920 адамды түздү.