Акыркы суткада 647 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 647 адамдан коронавирус аныкталды. Бул көрсөткүч жыл ичиндеги эң жогорку болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 257, Ошто — 118, Чүйдө — 73, Ош облусунда — 120, Таласта — 6, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 26, Баткенде — 23 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 111 миң 990 адамга жетти.
Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Бишкекте эки, Жалал-Абадда эки, Ош шаарында бир, Ош облусунда бир, Чүй облусунда бир адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 912 адамды түздү.