SerepTV Logo

Акыркы суткада 63 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 63 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 63 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 21, Ошто — 1, Чүй - 24, Ош облусунда - 4, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда - 6 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 712 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 762 адамды түздү.