Акыркы суткада 585 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 585 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 356, Ош – 54, Чүй облусу – 9, Ош облусу – 19, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 80, Баткен облусу – 35 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 115 миң 615 адамга жетти.
Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунда, бирөө Ошто катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 937 адамды түздү.