SerepTV Logo

Акыркы суткада 56 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 56 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 56 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 27, Чүйдө — 9, Ошто — 1, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 460 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 752 адамды түздү.