Акыркы суткада 53 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 18, Чүйдө — 10, Ошто — 3, Ысык-Көлдө - 7, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 404 адамга жетти.
Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 749 адамды түздү.