SerepTV Logo

Акыркы суткада 53 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 53 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 23, Ошто - 1, Ош облусунда — 3, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 6, Таласта — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 833 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 723 адамды түздү.