SerepTV Logo

Акыркы суткада 53 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам көз жумду. Статистика

Акыркы суткада 53 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 25, Чүй — 15, Ош облусунда — 2,  Ысык-Көлдө — 3, Баткенде — 4, Жалал-Абадда - 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 863 адамга жетти. Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 766 адамды түздү.