Акыркы суткада 526 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 526 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 232, Ошто — 101, Чүйдө — 43, Ош облусунда — 63, Таласта — 5, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 25, Жалал-Абадда — 31, Баткенде — 17 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 109 миң 193 адамга жетти.
Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Бишкекте алты, Чүй облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 876 адамды түздү.