SerepTV Logo

Акыркы суткада 514 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 514 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 514 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  234, Ошто — 110, Чүйдө — 80, Ош облусунда — 34, Таласта — 5, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 14, Жалал-Абадда — 13, Баткенде — 17 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 111 миң 343 адамга жетти. Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 905 адамды түздү.