Акыркы суткада 51 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 29, Чүйдө - 1, Ысык-Көлдө — 10, Таласта - 2, Жалал-Абадда — 2, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 884 адамга жетти.
Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 727 адамды түздү.