SerepTV Logo

Акыркы суткада 50 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 50 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 50 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 18, Ошто — 1, Чүйдө — 5, Ошто — 10, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абадда — 10, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 319 адамга жетти. Соңку суткада 1 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 787 адамды түздү.