Акыркы суткада 459 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 459 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 183, Ошто — 73, Чүйдө — 70, Ош облусунда — 70, Таласта — 6, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 19, Жалал-Абадда — 34, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 108 миң 173 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте бир, Чүй облусунда эки, Ош облусунда эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 864 адамды түздү.