Акыркы суткада 397 адамдан коронавирус аныкталса, илдеттен 7 бейтап көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирусту 397 адам жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы саны 96 миң 958 кишини түздү.
Бир сутка ичинде жалпысынан 248 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 90 миң 394 адамга жетти.
Коронавирус илдетинен 7 киши каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, үчөө Ысык-Көл облусунда, бирөө Ош шаарында дарыланып жаткан. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1637 адам.