SerepTV Logo

Акыркы суткада 39 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 39 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 39 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 18, Ош шаарында - 1, Чүйдө — 9, Ошто — 2, Ысык-Көлдө 3, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 94 адамга жетти. Соңку суткада 2 адам көз жумду. Эки өлүм тең Бишкекте катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 777 адамды түздү.