SerepTV Logo

Акыркы суткада 383 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 383 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 383 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  177, Ошто — 38, Чүйдө — 78, Таласта — 4, Нарында — 10, Ысык-Көлдө — 28, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 6, Ош облусунда — 20 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 106 миң 223 адамга жетти. Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Ысык-Көлдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 837 адамды түздү.