SerepTV Logo

Акыркы суткада 382 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 382 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 382 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  218, Ошто — 5, Чүйдө — 52, Ош облусунда — 17, Таласта — 5, Нарында — 10, Ысык-Көлдө — 39, Жалал-Абадда — 11, Баткенде — 25 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 170 миң 353 адамга жетти. Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 420 адамды түздү.