Акыркы суткада 382 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 382 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 184, Ошто — 40, Чүйдө — 70, Таласта — 2, Нарында — 10, Ысык-Көлдө — 27, Жалал-Абадда — 20, Баткенде — 5, Ош облусунда - 24 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 105 миң 111 адамга жетти.
Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Бишкекте эки, Чүйдө беш өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 815 адамды түздү.