SerepTV Logo

Акыркы суткада 379 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 379 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 379 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  149, Ошто — 50, Чүйдө — 96, Ош облусунда — 32, Таласта — 1, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 9 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 107 миң 714 адамга жетти. Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Анын баары Бишкек шаарында катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 859 адамды түздү.