Акыркы суткада 376 адамдан коронавирус аныкталды, 8 киши оорудан каза болду. Статистика
Акыркы суткада өлкөдө 376 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бишкекте — 238, Ошто — 17, Чүйдө — 66, Ош облусунда — 14, Таласта — 4, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 21, Баткенде — 2, Жалал-Абадда — 9 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 103 миң 538 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде оорудан 8 бейтап каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө үч, Нарында бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 781 кишини түздү.