Акыркы суткада 371 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 371 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 169, Ошто — 40, Чүйдө — 91, Таласта — 5, Нарында — 8, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 13, Баткенде — 1, Ош облусунда — 20 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 105 миң 840 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө төрт өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 830 адамды түздү.