SerepTV Logo

Акыркы суткада 37 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 37 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 13, Чүйдө — 9, Ошто — 2, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 6, Таласта - 1, Нарында- 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 356 адамга жетти. Соңку суткада 1 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 788 адамды түздү.