Акыркы суткада 362 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 362 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 209, Ошто — 39, Чүйдө — 30, Ош облусунда - 30, Таласта — 3, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 16, Жалал-Абадда — 19, Баткенде — 9 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 107 миң 335 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 852 адамды түздү.