Акыркы суткада 361 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 361 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкекте — 193, Ошто — 5, Чүйдө — 96, Ош облусунда — 13, Нарында — 13, Ысык-Көлдө — 28, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 6, Баткенде — 3 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 101 миң 580ге жетти.
Оорудан 4 киши каза болду. Бишкекте эки, Чүйдө эки өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 729га жетти.