SerepTV Logo

Акыркы суткада 358 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 358 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 358 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  163, Ошто — 64, Чүйдө — 64, Таласта — 2, Нарында — 3, Ысык-Көлдө — 20, Жалал-Абадда — 18, Баткенде — 5, Ош облусунда — 19 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 105 миң 469 адамга жетти. Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Таласта бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 821 адамды түздү.