SerepTV Logo

Акыркы суткада 356 адамдан коронавирус аныкталды, 9 киши оорудан каза болду. Статистика

Акыркы суткада 356 адамдан коронавирус аныкталды, 9 киши оорудан каза болду. Статистика
Акыркы суткада өлкөдө 356 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Бишкекте — 162, Ошто — 63, Чүйдө — 78, Ош облусунда — 10, Таласта — 6, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 22, Баткенде — 3, Жалал-Абадда — 5 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 104 миң 222 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде оорудан 9 бейтап каза болду. Бишкекте алты, Чүйдө бир, Баткенде бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 797 кишини түздү.