Акыркы суткада 333 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 333 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте - 148, Ошто - 40, Чүйдө - 68, Ош облусунда - 13, Таласта - 5, Нарында - 14, Ысык-Көлдө - 23, Жалал-Абадда - 16, Баткенде - 6 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 104 миң 555 адамга жетти.
Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 803 адамды түздү.