SerepTV Logo

Акыркы суткада 329 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 329 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 329 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Бишкекте — 205, Ошто — 9, Чүйдө — 75, Ош облусунда - 3, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда — 9, Таласта — 2, Баткенде - 3 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 99 миң 645ке жетти. Оорудан 6 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө бир өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 681ге жетти.