Акыркы суткада 325 адамдан коронавирус аныкталды, 8 киши оорудан каза болду. Статистика
Акыркы суткада өлкөдө 325 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бишкекте - 262, Ошто - 8, Чүйдө - 19, Ош облусунда - 8, Таласта - 3, Нарында - 6, Ысык-Көлдө - 18, Жалал-Абадда - 1 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 102 миң 511 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде оорудан 8 бейтап каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө үч, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 571 кишини түздү.