SerepTV Logo

Акыркы суткада 283 адамдан коронавирус аныкталды, 7 киши оорудан каза болду. Статистика

Акыркы суткада 283 адамдан коронавирус аныкталды, 7 киши оорудан каза болду. Статистика
Акыркы суткада өлкөдө 283 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Бишкекте — 169, Ошто — 15, Чүйдө — 35, Ош облусунда — 5, Таласта — 4, Нарында — 8, Ысык-Көлдө — 26, Баткенде — 6, Жалал-Абадда — 15 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 103 миң 866 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде оорудан 7 бейтап каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө бир, Таласта бир, Ош шаарында бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 788 кишини түздү.