Акыркы суткада 259 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика
Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 259 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Аймактар боюнча алганда, Бишкекте — 161, Ош шаарында — 1, Чүйдө — 44, Нарында — 14, Таласта — 5, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 10 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 100 миң 732 адамдан коронавирус аныкталды.
Акыркы суткада илдеттен 8 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 711 адам аталган оорудан кайтыш болду.