Акыркы суткада 254 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 254 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкекте — 195, Ошто — 3, Чүйдө — 25, Ош облусунда - 1, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 17, Жалал-Абадда - 9 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 98 миң 654кө жетти.
Оорудан 5 киши каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө эки өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 660ка жетти.