Акыркы суткада 253 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 253 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Аймактар боюнча алганда, Бишкекте — 120, Ош шаарында — 8, Чүйдө — 84, Ысык-Көлдө — 25, Жалал-Абадда — 7, Нарында — 5, Ошто — 4 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 101 миң 219 адамдан коронавирус аныкталды.
Акыркы суткада илдеттен 7 киши каза болду. Бишкекте эки, Чүйдө үч, Таласта бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 725 адам аталган оорудан кайтыш болду.