SerepTV Logo

Акыркы суткада 249 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 249 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 249 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 84, Ошто — 3, Чүйдө — 77, Ош облусунда — 3, Таласта — 13, Ысык-Көлдө — 26, Жалал-Абадда — 15, Баткенде — 16 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 173 миң 186 адамга жетти. Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 468 адамды түздү.