Акыркы суткада 242 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 242 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 81, Ошто — 8, Чүйдө — 71, Ош облусунда — 12, Таласта — 11, Нарында - 11, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 9, Баткенде — 15 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 173 миң 428 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 473 адамды түздү.