Акыркы суткада 237 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 237 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 111, Ошто — 2, Ош облусунда — 6, Чүйдө — 52, Таласта — 7, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 33, Жалал-Абадда — 11, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 174 миң 813 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 503 адамды түздү.