SerepTV Logo

Акыркы суткада 234 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 234 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика
Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 234 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Аймактар боюнча алганда, Бишкекте — 112, Ош шаарында — 3, Чүйдө — 81, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 25, Жалал-Абадда — 1, Баткенде - 3, Нарында - 2 , Ошто - 6 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 100 миң 956 адамдан коронавирус аныкталды. Акыркы суткада илдеттен 7 киши каза болду. Бишкекте алты, Чүйдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 718 адам аталган оорудан кайтыш болду.