Акыркы суткада 51 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 51 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 14, Ошто — 1, Жалал-Абадда — 9, Чүйдө - 16, Ошто - 3, Ысык-Көлдө - 5, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 269 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 786 адамды түздү.