Акыркы суткада 224 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика
Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 224 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Аймактар боюнча алганда, Бишкекте - 150, Ош шаарында - 3, Чүйдө - 41, Ош облусунда - 2, Нарында - 6, Таласта - 2, Ысык-Көлдө - 18, Жалал-Абадда - 2 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 100 миң 473 адамдан коронавирус аныкталды.
Акыркы суткада илдеттен 8 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 703 адам аталган оорудан кайтыш болду.