Акыркы суткада 224 адамдан коронавирус аныкталса, илдеттен 8 бейтап көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирусту 224 адам жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы саны 96 миң 561 кишини түздү.
Бир сутка ичинде жалпысынан 225 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 90 миң 146 адамга жетти.
Коронавирус илдетинен 8 киши каза болду. Алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1630 адам.