SerepTV Logo

Акыркы суткада 207 адамдан коронавирус аныкталды, 8 киши оорудан каза болду. Статистика

Акыркы суткада 207 адамдан коронавирус аныкталды, 8 киши оорудан каза болду. Статистика
Акыркы суткада өлкөдө 207 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Бишкекте — 102, Ошто — 8, Чүйдө — 40, Ош облусунда — 8, Таласта — 3, Нарында — 8, Ысык-Көлдө — 24, Баткенде - 3, Жалал-Абадда - 11 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 103 миң 207 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде оорудан 8 бейтап каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө үч, Таласта бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 773 кишини түздү.