SerepTV Logo

Акыркы суткада 199 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 199 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 199 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 96, Ошто — 4, Ош облусунда - 1, Чүйдө — 45, Таласта — 5, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 29, Жалал-Абадда — 2, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 174 миң 347 адамга жетти. Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 494 адамды түздү.