⚡️ Биринчи жолу! Акыркы суткада 1965 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1965 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мындай жогорку көрсөткүч өлкөдө коронавирус катталгандан бери бир да жолу боло элек болчу. Өткөн жылдын "Каргашалуу июль" деп атыккан мезгилдин рекорду 1654 кишини түзгөн. Бул статистика 17-июлда коронавирус менен пневмония болуп ооругандар кошула элек учурда катталган.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 1490, Ош – 45, Чүй облусу – 111, Ош облусу – 94, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 35, Жалал-Абад облусу – 93, Баткен облусу – 73 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 125 миң 3 адамга жетти.
Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун экөө Бишкек шаарында, бирөө Ошто, үчөө Баткенде, экөө Ысык-Көлдө катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң адамды түздү.