Акыркы суткада 196 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 196 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 65, Ошто — 2, Ош облусунда — 7, Чүйдө — 33, Таласта — 10, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 36, Жалал-Абадда — 26, Баткенде — 12 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 175 миң 9 адамга жетти.
Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 507 адамды түздү.